Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

12:41 13.4.2021

12-апрель күнү, кечки саат 21:00 чамасында Сузак районунун аймагында кыз ала качуу фактысы катталды. Аталган маалымат Сузак райондук милиция бөлүмүнө түшкөн соң, тартип сакчылары тарабынан кыз ала качкандар район аймагынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ала качууга туш болгон кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыз ала качууга шек саналган адамдардын тек-жайы такталууда.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

12:40 13.4.2021

Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов 12-апрелде милиция шалаакылыгын улантып жатат деп билдирди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кайрылып, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айтты:

"Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Бул окуя боюнча шектүүлөр кармалып, экспертизалар дайындалып жаткан соң, жабырлануучу тарап иликтөөгө катышууга укуктуу. Бул аракети менен милиция бизде шек жарата баштады. Милиция окуя болгон жерге эмес, Айзаданын апасынын айылына барып, коңшуларынан кыздын жүрүм-туруму тууралуу сурап жүрүшөт. Туугандарын чакырып алып, милициянын шалаакылыгы тууралуу ооз ачпоого үндөп жатышат. Иш боюнча алар эмне менен алек болуп жатышканы белгисиз".

Адвокат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөөчүлөрү менен чогуу эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине кайрылып, бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук кандуу кызматташууга чакырган.

Айзада Канатбекованын өлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ишти Бишкек ШИИБи тергөөдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Адвокаттын айыптоосуна азырынча Бишкек милициясынан жана УКМКдан жооп алууга мүмкүн боло элек.

12:39 13.4.2021
  • Бишкек шаардык милициясы көчөдө кызга бычак менен кол салган деген шек менен 44 жаштагы киши кармалганын кабарлады. Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган кишини тинтүү учрурунда далил буюм катары бычак табылган.

10-апрелдин түнүндө милицияга Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга бейтааныш адам бычак менен кол салганы боюнча арыз түшкөн. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда шектүүгө издөө жарыялаганын кабарлаган. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин (“Бейбаштык”) беренеси менен катталып, тергөө башталды. Милиция экспертизанын жыйынтыгы менен бул кылмышка карата берене өзгөрүшү мүмкүн экенин кабарлады.

  • Бишкек шаардык милициясы 7-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Назик Уланова изделип жатканын кабарлады. 11-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну өспүрүм кызы 7-апрелде саат 15:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Милиция кыздын сүрөтүн жарыялап, кандайдыр бир маалымат болсо 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 жана 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.

  • 11-апрелде 19:00 чамасында Бишкектин Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 27 жаштагы Ш. Ж. аялын сабаганын аныктаган. Ш. Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

12 апрелде Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы тасмадагы окуя боюнча Биринчи май райондук милиция бөлүмү иш алып барып жатканын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" видеодогу келин аман-эсен экенин билдирди.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

  • 11-апрелде Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары үч кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди. Облустук милициянын басма сөз кызматы 18 жаштагы кыз ата-энесинин үйүнө жеткирилгенин билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 11-апрелде Кара-Дөбө айылынын тургуну кызын бейтааныш адамдар ала качканын айтып кайрылган.

Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Күйөөсүнөн запкы көргөн, беш балалуу аялдын тагдыры тууралуу репортаж.

17:04 9.4.2021
  • Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрү табылган учурда тартылган сүрөттөрдү интернетке тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сүрөт кандай жол менен тарап кеткенин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштире баштады.
  • Айзада Канатбекова менен аны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн биринчи көргөн чабан "Азаттыкка" окуя тууралуу көргөн-билгенин айтып берди. Ага ылайык, кызыл түстүү жеңил унаа эч ким барбаган ээн талаада бир канча убакыт токтоп турган.
  • Айзада Канатбекованы автоунаага күчтөп салып жатканын байкап калып, милицияга маалымат берген күбө "Азаттык" радиосу менен байланышты. Аты-жөнүн атагысы келбеген күбө окуя болуп жаткан кезде жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтоп турган: "Саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур "Фаизанын" (кафе - ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, "балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле" деп өкүнүп жатам", - деди күбө.
  • Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу билдирүү таратты. Анда Айзаданын өлүмү Кыргызстанда бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин көрсөткөнү белгиленген. Эл аралык абройлуу уюм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кыздар жана аялдар зомбулуктан тыш, эркин жана коопсуз жашоого укугу барын эскертүүдө. БУУнун өкүлчүлүгү бардык мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн Жазык кодексинин 175-беренеси ("Мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо") боюнча катталган бардык учурларга убагында жана тийиштүү чараларды көрүүгө, натыйжалуу, чукул иликтөөлөрдү жүргүзүүгө чакырган.
  • Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай, тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды.
  • Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG