Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Текебаев: Чек ара боюнча коңшулардын көп жылдык планы бар


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши чогулуп, өлкөдөгү акыркы күндөрү актуалдуу болуп жаткан чек ара маселесин талкуулап жатат. Жыйындын ачылышында партиянын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү.

Ал чек ара маселесин чечүүдө коңшу өлкөлөрдүн бир топ жылдык стратегиялык пландары бар экенин айтты.

“Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүүдө бир кадам да артка чегинбеши керек. Коңшу өлкөлөрдүн Кыргызстан менен чек арага байланыштуу 30-50 жылдык стратегиялык пландары, алдын ала даярдалган протоколдору бар. Алар бизде мамлекет башчылары тез-тез өзгөрүп турарын билишет. Улам бирөө келген сайын жаңы келишимге кол койдурууга ашыгат”.

Текебаев ошондой эле акыркы күндөрү талашка түшкөн "Кемпир-Абад" суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши тууралуу маселени талдап, бул жердин стратегиялык маанисине токтолду.

“Суунун запасы барган сайын азайып жатат. Суунун алдындагы жерди берип койдук деген болбойт. Эртең суу жок калганда бошогон жерге жол салып, Кыргызстандын ири шаарларын бириктирсе болот. Суу сактагычтын алдындагы жерди берип койсок, эртең тоонун үстү менен басып калабызбы?”, - деди Текебаев.

Март айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилгенин кабарлаган.

Бирок УКМК төрагасынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын айланасынан коңшу өлкөгө 50 гектар жер берүү тууралуу протоколго кол койгону Кара-Суу жана Өзгөн районунун тургундарын нааразы кылган.

Мындан кийин Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 20 гектар жер берилерин айткан. 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолукканда Ташиев жер берүү тууралуу протоколду жокко чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында чек арага байланыштуу чырлар маал-маалы менен катталып турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG