Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Жаңжалда жабыркаган Максат

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, ондогон үй, имараттар өрттөлдү. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

"Азаттыктын" кабарчылары 2-майда жаңжал болгон Максат айылында болуп, айылдагы өрттөнгөн үйлөрдү, талкаланган жалгыз мектепти сүрөткө тартып алышкан. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда, Максат айылында 11 үй, Максат чер ара бекети жабыркаганын билдирди.


16x9 Image

Айбек Бийбосунов

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

 

16x9 Image

Жибек Бегалиева

2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

XS
SM
MD
LG