ЖАРАКА

ЖАРАКА

Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шартта окушат?

Мектептин дубалынан чоң жарака кеткен.

«Жок, бул жер титирөөдөн кеткен эмес, болгону эски имарат, - дейт Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Турат Арзыкулов атындагы №52 мектебинин директору Максуда Кочорова башын чайкап. – Буга бир кылым болуп калды».

Бул – Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири. Анын биринчи корпусу алгач темир жол станциясы катары кызмат кылган. Өткөн кылымдын 50-жылдарында мектепке өткөрүлүп берилген. Андан бери көп деле өзгөрүү болгон жок: жылытуу үчүн мешке от жагылат, даараткана сыртта, суу кудуктан алынат… Аличе кире бериште станциянын каттамынын схемасы илинип турат. Имарат ушунчалык эскирип, авариялык абалга кириптер болгондуктан, «колдонууга жараксыз» экендигин моюнга алышкан.

Ошого карабай мектеп иштеп жатат.

«Эки жыл мурун пайдубалы урай баштаган. ӨКМ мектепти жабуу керек деген бүтүм чыгарган. Бирок ата-энелер аралашып – пайдубалга коюлган таштардын сыртына цемент куюшуп, бекемдешкен. Өздөрү да ушул убакка чейин кантип кулабай турганына таң калышты», - дейт директор.  

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин саны – 204.Бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп кооптуу дегенди түшүндүрөт. Мындай мектептерде болуу, ал эле эмес анын ичинде окуу опурталдуу. Ага карабай эле сабак өтүп келишет.

Жагдайды толук түшүнүү үчүн биз Кыргызстандагы мектептердин абалы жана ички түзүмү тууралуу жеткиликтүү маалыматтардын баарын талдап чыктык. Абал чынында өтө коркунучтуу. Өлкөдөгү 2 миң мектептин ичинен 200ү авариялык абалда, ал эми дагы 400ү капиталдык оңдоп-түзөөлөргө муктаж, калгандарынын басымдуу бөлүгүндө суу түтүктөрү, борбордук жылытуу тутуму, даараткана жок.  
Акыркы маалыматтар 2019-жылдын ноябрь айында жаңыртылган. Маалымат жаңы болбосо да абал канчалык оор экенин көргөзүп турат. “2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү тууралуу” өкмөттүн 2021-жылдын 4-майындагы токтому көйгөйдүн олуттуулугун моюнга алып, андан да кооптуураак сандарды угузат:

“Көптөгөн мектептердин ички түзүмүнүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат. Ага карабастан башка имараттардын жоктугуна байланыштуу аларда окуу улантылууда. Мисалы, 245 мектеп авариялык абалда деп эсептелет, аларды бузуп салып, жаңысын куруу керек. Мындан тышкары республиканын 457 мектебинин чатыры, пайдубалы, дубалдары, суу түтүктөрү, канализациялары капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдү талап кылат”.

Булар өлкөдөгү бардык мектептердин үчтөн бирин түзөт! Бирок кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн. 2013-жылы эле Кыргызстандагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин коопсуздугун жалпы улуттук баалоонун жүрүшүндө Кыргызстандагы 80% ашуун мектептин “ички курулушу кооптуу” экендиги аныкталган.

Айылдык эски мектептин дубалдарындагы чоң-чоң жаракалар орто билим берүү системасынын бүтүндөй тулку-боюн аралап өтөт. Кыргызстанда миңдеген баланын кооптуу шарттарда окушуна эмне түрткү болгон? Бул абал канткенде өзгөрөт?

АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН ПОРТРЕТИ

Авариялык абалдагы типтүү мектептин абалы төмөндөгүдөй: ал көз алдыңда урап турат, жер титирөөдөн же пайдубалы жабыркагандыктан дубалдарынан жарака кеткен, шыптан суу тамчылайт, такталары чирип калган. Мындай мектептер ар бир аймакта бар. Орто эсеп менен бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп. Кээ бир аймакта көбүрөөк, айрым жерлерде азыраак болушу мүмкүн. Талас облусунда дээрлик ар бир бешинчи мектеп авариялык абалда. Авариялык абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда: алардын саны 65ке жетет.

Авариялык мектептердин басымдуу бөлүгү – 204түн 192си айыл жерлеринде жайгашкан. Алардын көпчүлүгү типтүү долбоор боюнча салынган эмес. Айылдык мектептердин көпчүлүгү Арзыкулов мектеби сымал алгач башка муктаждыктар үчүн, мисалга: “жашоочулар тарабынан салынган колхоз сарайы”, “мурунку дүкөн жана СельПО”, “совхоздун мурунку административдик мекемеси” үчүн курулган.

Авариялык тизмедеги мектептердин көбүн жергиликтүү тургундар ашар жолу менен салышкан. Ашар – ыктыярчы адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана турак жайды бүтүрүү салты, ишти чогуу соңуна чыгаруу аракети. Мектептердин жоктугун элдер ушундай жол менен чечип келишкен. Мамлекеттин кайдыгер мамилеси элди чечкиндүү кадамдарга барып, өздөрүн мектеп курууга мажбурлап жаткандыгын изилдөөчүлөр тастыкташат. Бирок, бул абалдан алып чыгуучу кадам эмес.

Ашар мектептери, эреже катары, тийиштүү долбоорго таянбастан, кесипкөйлөрсүз, курулуш талаптары сакталбастан салынат. Пайдубалдын ордуна таштар тизилип коюлат. Убакыттын өтүшү менен мындай пайдубал чөгүп, урай баштайт да, дубалдан жарака кетет. Булардын бир нечеси кулап калган.

«Ал кезде ашар ыкмасы мода болчу, анын кесепети өтө аянычтуу эле», - дейт Талас облусундагы авариялык мектептердин биринин директору Гүлнара Сатымкулова.
Авариялык мектептер тууралуу иш кагаздардан:

«Мектеп 1978-жылы ашар ыкмасы менен курулуп, ылайыкташылган объект, ОШ-60 варианты боюнча салынган. Дубалдары жана тосмолору тактайдан, ал эми шыбы фанерадан жасалган, салаңдап турат, пол тактайдан салынган, пайдубалы таш бетондон курулган, жапыз, чөгө баштаган. Чатыры шиферден, суу тамат. Стропилолук устундар жараксыз абалда, класстык бөлмөлөр жетишсиз. Окутуучулар курамы үчүн кабинет жок. Ашкана жок. Китепкана жок. Жыйындар залы жок. Кошумча, көмөкчү жайлар жок».
Булан институтунун адистери «Кыргызстандагы мектептердин курулушу жана коопсуздугу: авариялык абалдагы мектептер жана балдар» аттуу баяндамасында мектептердин жана башка коомдук объектилердин ашар ыкмасы менен салынышына мамлекет тарабынан тыюу салууну сунушташкан. «Мектептер мамлекет тарабынан демилгеленип, көзөмөлгө алынышы керек, - деп жазат авторлор. – Эгер мамлекет тийиштүү долбоор боюнча бышкан кыштан бардык куруу ченемдери сакталган типтүү мектептерди курса, булар узак убакытка чейин ишенимдүү кызмат кылмак».

Бирок авариялык абалдагы мектептердин тизмесинде типтүү мектептер да арбын. Мамлекеттин капиталдык оңдоп-түзөөлөргө да каражаты жок. Көптөгөн мектептерде ишке киргизилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жасалган эмес. Ошондуктан мектептер 1960-1970-жылдары курулганына карабастан, бүгүнкү күндө бул имараттар толугу менен тозуп калган.

«Эскирген курулуш», «физикалык жана моралдык талап боюнча колдонууга жараксыз» деп жазылат кагаздарда. Табият кырсыктары – жер титирөө, жер көчкү жана селдер – мектептерди талкалайт, бирок авариялык абалга кириптер кылуучу негизги себеп – кадимки физикалык жактан жарактан чыгуу. 204түн ичинен 172син оңдоп-түзөөгө болбойт, ал жерде тезинен жаңыларын куруп баштоо зарыл.
Авариялык мектептерде сабак окуу өмүргө түздөн-түз коркунуч келтирет. Өткөн жылы Таластагы №7 мектепте сабак учурунда балдардын үстүнө шыптын бир бөлүгү кулап түшкөн. Балдар буйтап качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошол эле каргашалуу класста мугалим полдун астына түшүп кеткен. Анда деле мектепте класстык бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан, ал жерде сабак өтө беришкен.

«Биз кудай сактасын деп эле окуп жатабыз» дешкен директорлор ата-энелер балдарын мектептерге жиберүүдөн коркушарын моюнга алышат. Тилекке каршы, көпчүлүгүнүн башкага мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. «Мында башка жактарга кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктор окушат», мындай мектептерде күнүнө эң аз дегенде 70 миңдей бала окуйт. Бирок муну менен эле бүтүп калбайт.  

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОКУУГА ЖОЛТОО БОЛУП, ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ

Коопсуздук көйгөйү авариялык кырдаалдагы мектептерге гана тийиштүү эмес. Өлкөдө дагы 400 мектеп капиталдык оңдоого муктаж жана бүгүн болбосо, эртең авариялык мектептердин тизмесине катталышы мүмкүн. Ар кандай баалоолорго караганда, төрттөн биринен үчтөн бирине чейин аянычтуу абалда турат. Бул мектептерде күнүнө кеминде 300 миң бала билим алат.

Негизи мындай мектептер көбүрөөк болушу мүмкүн, анткени тийиштүү кызматтагылар мындай маалыматтарды бат-бат жаңырта беришпейт. Биз жеткиликтүү маалыматтардын баарын бирдиктүү базага топтоп, ар бир мектепти картага киргиздик. Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргызстан мектептери боюнча салыштырмалуу толугураак маалымат, бирок тактоого, толуктоого муктаж. Биз кийинки изилдөөлөр жана комментарийлер үчүн бул маалыматтардын базасын жеткиликтүү кылуудабыз. Силер да өз мектебиңердин абалын изилдеп же интерактивдүү картанын жардамы менен таба аласыңар.

Капиталдык оңдоо иштери талап кылынган бардык мектептердин дээрлик жарымы Жалал-Абад жана Ош облустарына туура келет. Салыштыра келсек, Талас облусунда кырдаал оор.  Авариялык мектептерди кошкондо жарымы өтө кейиштүү абалда.

Бардык же дээрлик бардык мектептери кыйроо алдында турган шаар жана райондор да бар. Мисалы, Сүлүктүдөгү тогуз мектептин баары капиталдык оңдоо иштерин талап кылат. Райондор арасында антирейтинг биринчилиги Чүй районуна таандык: анда алты мектептин бешөө капиталдык оңдоп-түзөтүүгө муктаж, ал эми бирөө авариялык абалда турат. Интерактивдүү таблицанын жардамы менен сиз өз район же шаарыңызды таап, андагы кырдаалды иликтеп көрсөңүз болот.
Мындай мектептерде окуу ден соолук үчүн да кооптуу. Жыгач полу чирип, чатырдан суу агып, шыптар жана дубалдар көгөрүп кеткен. «Жер алдынан эки метрден кийин эле суу чыгат. Мугалимдер жана окуучулардын да көпчүлүгү ооруп калышат», - дешет Ош облусунун Мирмахмудов айылындагы Үсөнбаев атындагы мектептегилер.

Кышында өтө кыйын. «Кышкысын бул класста сабак өтпөгөнгө аракет кылабыз – эгер ага от жаксак түтөйт, аба жетпей, дем кысылат. Мектептин баарын түтүн каптап, коридордон эч нерсе көрүнбөй калат. Жылуу жерде дем жетпей отурганды же суукта кенен дем алып отурганды тандоого туура келет. Биз адатта экинчисин тандайбыз. Балдар да, биз да көп ооруйбуз», - дешти Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын Жусуп Абдрахманов атындагы мектептегилер.   

Мунун баары билим берүүнүн сапатын аксата турганы түшүнүктүү. Оорудан улам балдар сабактан калат, сабак учурунда түтүнгө чакайт же үшүгөнүн айтып даттанышат. Терезеден күн жакшы тийбегендиктен, балдардын көзү ооруйт. Антсе да дээрлик ар бир мектеп жык-жыйма, балдар үч сменага бөлүнүп окуйт, бир партада үчтөн отурушат. Мектептердин ички түзүмү менен балдардын окуудагы жетишкендиктеринин байланышын изилдөөлөр да тастыктайт.

Бул көйгөйлөр Кыргызстандын дээрлик бардык мектептеринде бар. 2011-жылдагы маалыматтар боюнча мектептердин 13% гана борбордук жылытуу тутуму киргизилген. Башкалары электр кубаты менен же от жагылып жылытылат, мектептердин 16% эч кандай жылытуу системасы жок. Мектептердин 86% ашыгында өрт тууралуу белги берүүчү жабдыктар орнотулган эмес.

183 мектепте гана ички дааратканалар курулган, булардын көпчүлүгү борбордо жайгашкан. Мектептердин материалдык-техникалык абалы боюнча көптөгөн маалыматтар көптөн бери жаңыланган эмес, бул дагы аталган маселеге мамлекеттин кайдыгер мамилесин билдирет.
«Билим берүү тууралуу» мыйзамга ылайык, мамлекет жарандардын жалпы орто билимди акысыз алуу укугуна кепилдик берет жана буга «зарыл болгон коомдук-экономикалык шарттарды» түзүүгө тийиш, башкача айтканда, мектептерди куруу жана оңдоп-түзөө иштерине жоопкерчилик алышы керек. Бирок далилдер мунун ишке ашпай жаткандыгын көрсөтөт.
2009-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун мугалимдери ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге башталгыч жана орто билим берүү маселелерин чечүү боюнча ыкчам иш-чараларды кабыл алуусун талап кылып кайрылышкан. Мугалимдер айыл жерлериндеги мектеп имараттарынын басымдуу бөлүгү куруу стандарттарына, өрт коопсуздугунун жана санитариянын талаптарына жооп бербегендигин айтышкан. Карасуулук мугалимдер өз кайрылуусунда «Күн сайын биздин балдар муздак жана ным, окууга ылайыкташылбаган жерлерде окушат. Азыркы учурда биз коомдогу укугу тебеленген, кемсинтилген жарандарбыз. Көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечүүгө мажбурбуз, анткени бизге көңүл бурулбайт, бизди этибарга алышпайт. Өкмөттүн бизди унутканына көп болду, ал эми коом биздин аянычтуу, жан кейиткен абалыбызга көз жумат» деп жазышкан.

Үч жыл мурун билим берүү тармагындагы долбоорлор менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюм – Булан институту Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөткөн. Анда мектептердеги көйгөйлөрдү тезинен чечүүгө чакырган, болбосо 10-15 жылдын ичинде мектептеги билим берүү тутуму кыйроого учурашы мүмкүн»,-деп жазылат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «окуу процесси үчүн адистештирилген заманбап, оңдоп-түзөлгөн имараттар» билим берүүнүн сапатына таасир тийгизет, бул билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын түздөн-түз милдети. Бирок, 2021-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планында инфраструктураны жакшыртуу тууралуу жазылган эмес. 

Эмне үчүн мындай болуп жатат?

«КАТ ЖАЗГЫЛА»
«Кечээ жамгыр жаап жатканда, бул жер кулап калат деп ойлогом, - дейт Ош облусунун Өзгөн районундагы Мансур Ибраимов атындагы №41 мектептин директору Динара Касымалиева кыйшайып турган окуу корпусун көрсөтүп. – Муну жашыруунун кажети жок. Тескерисинче, көрсөтүш керек. Баары көрсүн».

Бирок, авариялык абалдагы мектептер мамлекет үчүн жаңылык деле эмес. Бул маселе өзгөчө район жана айылдарда талапкерлер шайлоочулар менен кездешкен ар бир жолугушууда көтөрүлөт, анда айыл өкмөт башчылары же мектеп директорлору авариялык кырдаал тууралуу чечимди көрсөтүп, жаңы мектеп куруп берүүлөрүн суранат. Алар кат түрүндө да кайрылышат. Ал эми өкмөттүн мындай суроого даяр жообу бар: силер маанилүү, курч маселени козгоп жатасыңар, мүмкүнчүлүгүбүз болгондо сөзсүз карап көрөбүз.

«Авариялык абалдагы мектептер тууралуу маалымат мага келгенде, өзүм премьер-министрге барам, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты, Коомдук маселелер, билим берүү, илим, маданият, саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жанар Акаев. – Премьер «жакшы-жакшы, кана, катыңды калтырып кой, биз муну карап чыгабыз» дейт. Мен болсо «жок, кол коюп, катты шыр эле мага бериңиз» дейм. Анан премьер-министр кол коюп берет, андан чыгып алып, каржы министрине барам. Ал дагы «жакшы, макул, карап көрөбүз» дейт. Мен «жок, өзүм эле аткаруучу адамга жеткирип берейин» дейм. Аткаруучу адам болсо, бөлүм башчы же серепчи болуп чыгат. Мен ага жөнөйм. Ал жактан мага «депутаттар бизге келишпейт, кана, эми катыңды бер» дешет. Эгер ушинтип иштесең, акча табылышы мүмкүн. Бирок көптөгөн депутаттар же мектеп директорлору жөн эле кат жазып коюшат, ал каттар каралбай жата бериши мүмкүн».

«Биздин айылда жогорку кызматтагы чиновник жок. Кайсы жактан депутаттар чыкса, ошол жакка жаңы мектептер курулат, бизде андайлар жок, ошондуктан жаңысы да курулбайт», - дейт Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылындагы авариялык абалдагы Арал мектебинин директору Акбарали Ажимаматов капаланып.

Тилекке каршы, ал туура айтат. «Өз аймагынан чыккан депутаттары көп айрым айылдар талап кылышат. Аларга куруп беришет! Мисалга, бир дагы депутаты жок Чүй облусунун райондоруна өкмөт жакшы көңүл бурбайт», - деди Жанар Акаев директордун сөзүнүн чындыгын ырастап. Анын туулуп-өскөн айылына мектеп курулган. Көрсө, башка айылдарга минтип ийгилик жылмайбаптыр.

2015-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы Каныбек Абдылдаев атындагы №60 мектепке жаңы имарат курууга убада беришкен. Акча бөлүнгөн, жерпайы казылган, пайдубалы курулган. Анан акча түгөнүп калган.

Өкмөттүн котлован үчүн 3 миллион сом бөлүп коймой ыкмасы бар. Аймактардан ушундай котловандарды көрсөңөр керек, кээде дубалын да тургузуп коет. Анан кыш келип, мунун баары жамгыр, кар алдында калып бузулат, урай баштайт, анткени акча түгөнүп калган. Бул курулай чыгым, акчаны желге чачкандай эле кеп, анткени баарын кайрадан башташ керек. Алар 3 миллион сом бөлүп коет, ошону менен баары бүтөт. Кутулуу максатында гана ушунча каражат бөлүп, иш жүрүп жаткандай түр көрсөтүшөт, бирок иш аягына чейин чыгарылбайт.

Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин депутаты

Жаңы мектептерди куруу үчүн миллиондор керек, ал эми бюджетте андай каражат жок. Ар бир жаңы мектептин курулушу болжол менен 60 миллион сомго бааланат. Эң жөнөкөй эсеп боюнча, авариялык абалдагы мектептер көйгөйүн «жабуу» үчүн 7,5-10 миллиард сомго чейинки акча каражаты керек. Билим берүү министрлигинин жылдык бюджети 27 миллиард сомдун тегереги. Бул каражаттардын ири бөлүгү – 80% ашыгы маянага жумшалат. Республикалык бюджет капиталдык оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымды жабууга милдеттүү, бирок мындай акча жок.

Биздин депутаттар айылдарына мектеп куруп берүүсүн суранышып, араб фондуларында кезекте турушат, - дейт Жанар Акаев. Жээнбеков президент болуп турган кезде, мен ага кирип, Алай районуна мектеп куруу керектигин айтып, планга киргизели дегем. Ал бюджеттен акча бөлүнөрүн убада кыла албасын, бирок арабдар менен сүйлөшүп көрөрүн айткан. Б.а., бизде өлкөбүздүн президенти да мектептерди куруп бергиле деп чет элдик фондуларды күтүп калган.

Кээ бир директорлор мамлекеттен жардам күтпөй эле, өздөрү эл аралык долбоорлорго кат жазышып, алар менен иштешүүнү үйрөнүп алышкан. Бирок бул эреженин алкагындагы иш эмес».

ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИНЕ 30 МИҢ СОМ

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Домор айылындагы 1963-жылы курулган №69 мектеп алгач колхоз сарайы үчүн жергиликтүү жашоочулар тарабынан салынган. ӨКМдин чечими боюнча, колдонууга жараксыз. Жаңы корпусту куруу үчүн, расмий маалыматтар боюнча, 25 миллион сом керек. Жылына бюджеттен «оңдоо иштерине» 20-30 миң сом гана бөлүнөт. Бул жаракаларды шыбап коюуга гана жетет.

Мындай абал өлкөнүн бардык жеринде бар. 2011-жылы Кыргызстандын аймактары боюнча билим берүү тармагына бөлүнгөн капиталдык каражат керектүү сумманын 1 пайызын түзгөн. Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Бүгүнкү күндө директорлор жана мугалимдер мектептердин урап бара жаткан дубалдарын өз колдору менен шыбап, оңдоп келишет. Тилекке каршы, кээ бир жаракаларды шыбак менен жаап коюуга мүмкүн эмес.

«Бул жарака көтөргүч дубалдан кеткендиги үчүн коркунучтуу. Баары ушул плитада кармалып турат, түшүнөсүзбү? Кийинки жылы жер титирөө көп болот деп айтып жатышат. 4 баллдан жогорку жер титирөө болсо, мектеп кулап калат».  

Садыков атындагы Ноокат райондук көркөм мектебинде окуучулар тарткан портрет, пейзаж жана башка эмгектер илинген. Алар көз жоосун алып кубандырып гана тим болбостон, бүтүндөй имаратты каптаган чоң-чоң жаракаларды жаап-жашырып турат. «Биз буларды жаракаларды жаап коюу үчүн илебиз. Мына, көрүнбөй калды! Бирок булардын баары качандыр бир кезде талкаланат, анда баары кеч болот».

«Баары кулап-түшкөндө гана бул маселе ордунан козголобу?», - дешет авариялык мектептин директорлору.

«Өкмөт акча бөлүп, жаңы мектептерди куруп башташы үчүн сөзсүз эле үрөй учурган кырсык болушу керекпи?! Андан кудай сактасын. Ошондо катуу ызы-чуу болот», - деп директорлордун оюна кошулду Жанар Акаев.

Көптөгөн директорлор күтүүдөн жадаганда бийликке барышат. Гүлнара Сатымкулова жергиликтүү кеңештин бир нече жылдан берки депутаты. Ал бюджетти талкуулап жатканда, башкалардан ашып кыйкырганды үйрөнүп алган:

«Мындай маселелер ал жакта чечилет. Аларга спорттук иш-чаралар, улак тартыштар, кайсы бир мааракелер керек. Мен эч нерсени билбейм, кана, биздин балдарга да бөлгүлө, эмне үчүн алар полу чирип калган сыз жерлерде окушу керек? Эртең оорулуу муун келет, улак тартышты эмне кыласыңар? Келгиле, келечек муунду ойлонолу», - деп айтам.

Made on
Tilda