Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Жеке ишкер мектептин мугалимдерине жана окуучуларына кийим белек кылды


Окуучуларга белек кылынган кийимдер.

Ишкер Нурали Талипов Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы кенже класстын окуучуларына мектеп формасын жана мугалимдерге атайын кийим белек кылды.

Көксал Топтан орто мектебинин окуучулары жана мугалимдерине берилген кийимдер ишкердин Бишкектеги цехинде тигилген.

“Пандемия шартындагы кымбатчылыктан улам ата-энелерге жана мугалимдерге жардам бергим келди”, - деди Талипов.

Аталган мектепте 530 окуучу бар, анын 260ы башталгыч класста.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы мектептер онлайн билим берүүгө өткөн. Бир жылдан кийин жарым-жартылай ачылып, быйыл 15-сентябрдан толук ачылганы турат.

Нурали Талипов мектептин мугалимдери менен.
Нурали Талипов мектептин мугалимдери менен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG