Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

10:05 23.10.2021

Ушул жумада президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерликке да тартылат деп убада берген. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө чакырган.

Бийлик шайлоону башкача өткөргүсү келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

11:01 23.10.2021

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны

11:05 23.10.2021

Садыр Жапаров: Курултай боюнча жылда отчет берип турушубуз керек эле. Тилекке каршы андай болбой калды. Аткарылып турган иштер боюнча маалыматтык отчет берүүнү туура көрүп отурам. Маалыматты бурмалабай туура жеткиресиңер деп ойлойм.

2020-жылы октябрь айындагы окуядан кийин чукул кадамдарга барууга туура келди. Кырдаалды тез арада жөнгө салдык.

11:06 23.10.2021

Садыр Жапаров: Партиянын алдыңкы орундарды сатып, коррупцияга айланткан системаны жойдук. Мындан ары алтын мандат, алдыңкы орун дегендер болбойт.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG