Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

20:18 27.11.2021

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттаган учурга туш келди. Экономикада өсүш анча эмес, экспорт кыскарып, мамлекеттик карыз көбөйүүдө. “Азаттык” шайлоо кандай экономикалык жагдайда өтүп жатканы тууралуу видео түшүндүрмө жасады.

20:22 27.11.2021

Парламенттин буга чейинки айрым чакырылыштары мөөнөтүнөн мурда таратылса, акыркы чакырылыштын мөөнөтү тескерисинче бир жылдан ашык убакытка узарды. Алдыда буга чейинки чакырылыштардын таржымалы жана шайлоолордун сабактарына токтолобуз.

20:28 27.11.2021

Коопсуздук кеңешинин катчысы, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкуловдун 26-ноябрда билдиришинче, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузган 305 факты катталган.

Анын айтымында, жалпы фактылардын 117си бирдиктүү реестрге катталса, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу 37 арыз түшкөн.

Иманкулов штаб мыйзам бузуу фактыларын, анын ичинде административдик ресурсту колдонуунун алдын алууга өзгөчө басым жасалганын белгиледи.

21:01 27.11.2021

Үч районго бир депутат, эки башка бюллетень, азайган мандаттар жана күчөгөн атаандаштык.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG