Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Орусияда Жогорку сот "Мемориал" уюмун жабуу тууралуу чечим чыгарды


Жогорку сот жайгашкан имарттын жанында тартылган сүрөт. Москва, 28-декабрь 2021-жыл
Жогорку сот жайгашкан имарттын жанында тартылган сүрөт. Москва, 28-декабрь 2021-жыл

Орусиянын Жогорку соту адам укуктарын коргогон “Мемориал” уюмун жабуу тууралуу чечим чыгарды. Мындай маалымат уюмдун "Твиттердеги" баракчасында жарыяланды.

28-декабрда Башкы прокуратуранын “чет өлкөлүк агенттер” тизмесине киргизилген уюмду жоюу арызы каралган. Мамлекеттик айыптоо “Мемориал” агенттер тууралуу мыйзамды бир нече жолу бузган, атап айтканда материалдарына тиешелүү маркирлөө койгон эмес, өлкө Конституциясына көлөкө түшүргөн деп эсептейт.

Укук коргоочулар саясий репрессияларды изилдөө, адам укуктарын коргоо менен алектенген уюмду жоюуга мыйзамдуу негиз жоктугун айтып, Башкы прокуратуранын арызын саясий чечим катары сыпаттап жатышат. Орусиялык жана чет өлкөлүк жүздөгөн маданият ишмерлери, Нобел сыйлыгынын лауреаттары, журналисттер президент Владимир Путинге кайрылып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

Сот жараяны өткөн имараттын жанына ондогон киши уюмду колдоп чогулду.

Шаршембиде Москва шаардык соту "Мемориалга" каршы баш калаанын прокуратурасы берген арызды карамакчы.

1980-жылдардын аягында түзүлгөн укук коргоочу уюм “чет өлкөлүк агенттер" тизмесине 2014-жылы киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG