Казакстандын үч облусунда – Павлодар, Батыш-Казакстан жана Түндүк-Казакстан облустарында 13-январдын таңынан баштап өзгөчө абал режими алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Токаев суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылыктардын фонунда 4-январда Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында, кийинчерээк өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө абал режимин киргизген. Анын мөөнөтү 19-январга чейин деп белгиленген.
13-январда Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлери чыгып баштай турганы күтүлүүдө. Уюм Токаев “террордук коркунуч” бар экенин айтып, жардам сурагандан кийин аскерлерин жиберген эле. 11-январда Казакстандын президенти ЖККУнун өлкөдөгү миссиясы аяктаганын жарыялаган.
Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.
Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы наааразылыкка чыкканын” айтышкан.
Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.
Акыркы маалыматтарга ылайык, тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. (ErN)