“Тажикстан кыргыз тарап учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканы тууралуу жалган маалымат таратууда” деп билдирди 28-январда саат 1:50дө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы.
Мекеменин билдирүүсүндө “Дал тажик чек арачылары соңку кездери чалгындоо максаттары үчүн Кыргызстандын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп келишкен жана бул тууралуу Тажикстандын Чек ара аскерлеринин жетекчилигине маалымат жөнөтүлгөн” деп айтылды.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан.
“Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашкан. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабастан тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат” деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.
Тажик тарап Кыргызстанды айыптап, атышууда бир жараны курман болгонун айтууда. (RK)