Ливандын бийлиги “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) Бейрут шаарынын жакасындагы шиит мечиттеринде жанкечтилердин үч жардыруусунун алдын алганын кабарлады.
Өлкөнүн ички иштер министри Бассам Мавлави 23-январда кабарлагандай, жоочулар палестиналык жаштарды өзүнө тартып, курга байланган жардыруучу заттар менен терракттарды уюштурууга даярданышкан. Укук коргоо органдары аларды аныктап, жок кылышкан.
“Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы жылдары Жакынкы Чыгыштын бардык аймактарында шиит мусулмандары жашаган айылдарга жана диний объектилерине чабуул жасап келет.
Ливандын борбору Бейрут шаарынын түштүк жагында көбүнчө Иран колдогон "Хезболла" шииттик тобунун жоочулары жүрөрү маалым.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Сириядагы жарандык согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн. 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып отуруп, "халифат" түзгөнүн жарыялаган. Бул топ үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон. Экстремисттик топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.
Кийинчерээк "Ислам мамлекети" тобунун негизги позициялары талкаланып, согушкерлер Ирактан жана Сириянын көп аймактарынан сүрүп чыгарылган. Бул радикал топтун бутактары Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда дагы деле активдүү экени кабарланып келет. (ErN)
Facebook шеринеси