Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Бишкекте Борбор Азиядагы абанын сапаты талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

27-апрелде Бишкекте биринчи жолу өткөрүлө турган TechCamp эл аралык иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстандан эксперттер катышат. Алар үч күн аралыгында абанын сапатын жакшыртуу боюнча техникалык чечимдерди талкуулайт.

Жыйында абанын сапатына байланыштуу маалыматтарды алмашуу коммункациясы, абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири, маалыматтарды визуализациялоо аркылуу жалпы коомчулукка абанын сапаты жөнүндө маалымат берүү маселеси каралат.

TechCamp ич-чарасынын жыйынтыгында демилгелерди иштеп чыгуу күтүлүүдө. Орто Азиядагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган алты мыкты идея каржыланат.

Эл аралык иш-чараны АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “МувГрин” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурат.

IQair глобалдык рейтингинде 2021-жылы 118 өлкөнүн ичинен Кыргызстан абанын булганышы боюнча 7-орунга чыккан. Экологдор Бишкекте аба айрыкча кыш айларында булганарын, буга эски машинелерден чыккан газдар, жеке сектордогу мешке жагылган көмүрдүн жана ар кандай кездеме, резина сыяктуу таштандылардын түтүнү себеп болуп жатканын белгилешет.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG