Арменияда нааразылык акциясына чыккан оппозиция менен полициянын кагылышуусунда 50 чакты адам жараат алды. 3-июндун кечинде армян өкмөтүнүн Азербайжан менен Тоолуу Карабак маселесин жөнгө салуу боюнча аракетине каршы пикирин билдирген демонстранттар жогорку кызматта иштеген аткаминерлер жашаган жерге барышты. Полиция кулак тундуруучу граната ыргытып, митингчилердин премьер-министр Никол Пашинян жашаган вилла жакка баруусуна бөгөт койду.
11 демонстрант укук тартибин коргоо кызматкерине карата күч колдонуу деген айып менен кармалганы маалымдалды.
Ереванда митингдер быйыл апрель айында Пашинян Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Тоолуу Карабак боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү макулдашкандан кийин башталган.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдардын аягында согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.
Пашинян 2018-жылы майда Армениядагы жапырт митингдерден улам премьер-министр Серж Саркисян кызматтан кеткенден кийин бийликке келген. 2021-жылдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоодо кайра шайланган. (RK)