Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

19:44 26.11.2022

17:49 26.11.2022

17:44 26.11.2022

Президент Садыр Жапаров курултайда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери тууралуу учкай маалымат берди. Анда жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн, анда тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин парламентке алынып келерин айтты.

"Тажикстан менен алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик, бирок кол кое элекпиз. Эки тарап тең макул болдук. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) барып, алдын-ала кол коюп келди. Эми алар жакын арада бизге келишет, кол коюшат. Андан кийин биз аны парламентке алып барабыз, буга чекит коебуз. Азыр биз алар менен "ок атышпайлы, жаңжал чыгарбайлы" деп сүйлөшүп жатабыз",-деди Жапаров.

17:42 26.11.2022

Президент Садыр Жапаров курултайда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошеванын башкаруу системасын өзгөртүү сунушуна жооп берди. Ал президенттик башкарууну туура деп эсептерин айтты.

"Биз парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну да көрдүк, мен экөөндө тең иштедим, жыргап кеткен жокпуз. Буга чейин үч баштуу бийлик болду. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине шылтап отура берип, бир кагаз үч жылдап кабыл алынбаган учурлар болгон экен. Анткени жооп берип калбайын деп эле бири-бирине түртө берген. Азыр болсо президент менен өкмөттүн аппараты бириккен. Кээде токтомдор бир сааттын ичинде кабыл алынат. Азыр жол, мектеп салынып, армиябыздын күчтөнүп жатканынын пайдасы ошондон. Мурдагы президенттер деле жоопкерчиликти бир кишиге бергенде, аларга жоопкерчиликти толук мойнуна илип койсо, балким алар деле качпас беле. Жоопкерчилик менде болгондон кийин кээ бир маселелерде күнү-түнү уктабай чыгат экенсиң. Министрлерди дайындаганда ушул менин жүзүмдү кара кылбаса экен дейт экенсиң. Мунун жемишин буюрса жакынкы беш-алты жылда көрөсүздөр", - деди Жапаров.

Жылдыз Жолдошева курултайдын биринчи күнүндө президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламентик системага өтүүнү сунуштаган. Экс-депутат коррупция менен күрөшүүнү президенттин айланасынан баштоо керектигин билдирген.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG