Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Бангладеште 3 миң дүкөн жайгашкан базарда өрт чыкты


Даккадагы өрт. Бангладеш, 4-апрель, 2023-жыл
Даккадагы өрт. Бангладеш, 4-апрель, 2023-жыл

Бангладештин борборунда шейшембиде болгон өрт 7-8 саатта араң өчүрүлдү. Маалыматтарга караганда, 12 киши жаракат алды. Кийим саткан базардагы өрт 4-апрелде эртең менен тутанган. Аны өчүрүүгө 48 бригада, жоокерлер, аскердик тик учак тартылган, бирок суунун тартыштыгы жана топтолуп калган эл алардын ишин татаалдаткан.

Dhaka Tribune гезити түшүндүргөндөй, өрт төрт базар орун алган ири комплексти чалган, анын аймагында 3 миңдей дүкөн жайгашкан.

Күбөлөрдүн айтымында, дүкөн ээлери жана кызматкерлери товарларын коопсуз жерлерге алып чыгууга аракет кылышты. Көбү үлгүрбөй калып, мүлкү өрттөнүп кетти. Базар өзү да дээрлик толугу менен күлгө айланып калды.

Соодагерлер өрт атайлап коюлган дешсе, өрт өчүрүүчүлөр коопсуздук техникасы сакталбаганын айтышат.

Өлкөнүн соода түйүндөрүндө өрт кырсыктары көп болот. Буга көбүнчө эрежелердин бузулушу, чабал көзөмөл себеп экени айтылат.

Кийим тигүү тармагы менен атагы чыккан Бангладеште буга чейин цехтер жайгашкан имарат урап түшкөн учурлар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG