Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан кармалды


Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан.
Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан.

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан 9-майда Исламабадда Жогорку Соттун алдында кармалды. Бул тууралуу анын партиясы "Техрик-и-Инсафтын "өкүлдөрү кабарлашты.

Имран Хан коррупция ишине байланыштуу сотко келген. Ал иштин саясий максаты бар деп эсептейт. Агенттиктер жарыялаган видеодон аскер кийимчен адамдар Ханды соттун имаратына кирери менен кармап кетишкенин көрүүгө болот.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Андан бери мурдагы премьер менен жаңы бийликтин тиреши уланып, Хандын тарапташтары утур-утур нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

Хан быйыл жыл соңунда өтө турган шайлоого катышууну көздөп жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG