Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Кытайлык дарыгерлер жатын рагын аныктаган акысыз текшерүү жүргүзүшөт


Кыргызстан, Бишкек. Улуттук онкология борбору. Январь, 2022-жыл.
Кыргызстан, Бишкек. Улуттук онкология борбору. Январь, 2022-жыл.

Кытайдан келген тажрыйбалуу дарыгерлер 3-июлдан 15-июлга чейин Бишкекте аялдардын жатын рагын алдын ала аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт. Кайрымдуулук долбоору борбор калаадагы "Сагынбаеванын клиникасында" өтөт.

Клиниканын ээси, дарыгер Айнура Сагынбаева 27-июнда журналисттерге долбоор колунда жок аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында уюштурулуп жатканын билдирди.

"Бүгүнкү күнү ар бир эле аял саламаттыгына кам көрүп, оорулардын алдын алуу үчүн медициналык кароодон өтө албайт. Ошондуктан, мындан ары өсмө ооруларын алдын ала аныктоо үчүн акысыз текшерүү салтын киргизсек деген максатта алгачкы кадамды таштадык. Кытайдан келген профессорлор Кыргызстанда жатын өсмөсүн эрте аныктоо жана дарылоо боюнча тажрыйба алмашууга келишкен".

Сагынбаеванын маалыматына караганда, дарыгерлердин бири - профессор Чын Вынжун жатын өсмөсүн аныктоо жана дарылоо протоколун иштеп чыккан. Дагы бир дарыгер - профессор Жан Лей жатын рагын айыктырууда тажрыйбалуу дарыгер.

Акысыз текшерүү 3-15-июлда күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Кытайлык адистер ар бир аялды текшерүүгө 10 мүнөт убакыт кетерин айтышууда.

Долбоор "Бир кур - бир жол" демилгесинин алкагында ишке ашырылууда, анын чыгымын толугу менен Кытай тарап көтөрөт.

Ракка каршы күрөштүн тегерегинде иш алып барган бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда жылына 600дөн ашуун аялга жатын моюнчасынын рагы деген диагноз коюларын айтып келишет. Анын дээрлик жарымы бир жылга жетпей каза табат.

Аялдар арасында гинекологиялык өсмө оорулары жалпы рактын көрсөткүчүндө биринчи орунда турат.

Былтыртан бери эл аралык уюмдардын жардамы менен Кыргызстанда өспүрүм кыздарды вирустук паппиломага каршы эмдөө өнөктүгү башталды.(ZKo)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG