Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Президент Кыргызстан Ооганстандын туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө кызыкдар экенин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстан Ооганстанда туруктуулук жана тынчтыктын болушун аймактык коопсуздук үчүн артыкчылыктуу багыт катары эсептейт.

Президент Садыр Жапаров Ооганстан менен ынак коңшулук мамиледе болууга жана тынчтык орногон, туруктуу мамлекетти көрүүгө кызыкдар экенин 4-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн форматта өткөн саммитинде билдирди.

Кыргызстан ошол эле учурда Ооганстандын ички ишине кийлигишпөө принцибин сактоо менен ооган элинин өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлай турганын белгиледи.

Жапаров Кыргызстан ШКУнун имшердигин жакшыртуу демилгесин колдой турганын, дүйнөдө диалогдун жетишсиздиги сезилип жатканда уюм "өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин шыктандыруучу мисалы болуп калганын" айтты.

Президент уюмдун өнүктүрүү банкын, ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү жана улуттук валюта менен эсептешүүнү ишке киргизүү узак убакыттан бери кечигип жатканын белгиледи.

“ШКУнун аймагында жүк ташуулардын бардык түрлөрү боюнча шарттарды жакшыртуу жаатында иштерди улантуу маанилүү деп ойлойм”, - деди Жапаров.

Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан саммитке Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Иран, Беларус, Монголиянын лидерлери катышып жатат. Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелердин жетекчилери катышууда.

Саммитте Иранга ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамы расмий берилет. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Нью-Дели декларациясына жана коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жана бир катар тармактар боюнча документтерге кол коюшат.

ШКУнун 22-саммити былтыр сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG