Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Милан Кундера 94 жашында көз жумду


Чех тектүү, француз жазуучусу Милан Кундера.
Чех тектүү, француз жазуучусу Милан Кундера.

XX кылымдын улуу романисттеринин бири саналган, дүйнөгө белгилүү жазуучу Милан Кундера 95 жашында Францияда дүйнө салды.

Бул тууралуу чех маалымат каражаттары 12-июлда маалымдашты.

Милан Кундера 1929-жылы Чехиянын Брно шаарында төрөлгөн. 1975-жылы Францияга көчүп кеткен. Ошол жактан анын эң белгилүү романдарынын бири- «Болумуштун жан чыдагыс жеңилдиги» жарык көргөн. Романдын негизинде тартылган режиссер Филип Кауфмандын ушундай эле аталыштагы тасмасы бир катар жогору сыйлыктарга татып, «Оскарга» көрсөтүлгөн.

Андан башка Кундера «Тамаша», «Өлбөстүк», «Коштошуу вальсы» сыяктуу романдары менен белгилүү болгон.

Чех тектүү француз жазуучусун көптөр Нобель сыйлыгын алат деп күтүшкөн. Кундера бул сыйлыкка жетпегени менен анын китептери ондогон тилдерге которулуп, миңдеген окурмандарын тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG