Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Орус күчтөрү Украинанын Харьков шаарындагы окуу жайга сокку урушту


Дрондун чабуулуна кабылган коллеждин жатаканасы. Харьков, Украина. 1-август, 2023-жыл.
Дрондун чабуулуна кабылган коллеждин жатаканасы. Харьков, Украина. 1-август, 2023-жыл.

1-августка караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Харьков шаарындагы коллежге кеминде үч дрон менен сокку урушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы шаардын мэри Игорь Тереховго шилтеме келтирүү менен жазды.

“Учкучсуз учактардын бири коллеждеги жатаканалардын эки кабатын талкалап кетти”, – деп билдирди Терехов.

Облустук полициянын башчысы Владимир Тимошко улуттук телеканалга кабарлагандай, бул соккудан бир киши жараат алган.

Орусиянын аскерлери Украинага басып кирген маалда чек арага жакын Харьков шаарына да чабуул жасашкан. Шаардын аймагында эле ондогон көп кабаттуу үй талкаланып, жүздөгөн адам мерт болгон. Орус тарап жарым-жартылай басып алган Харьков облусун бошоткондон кийин да аталган шаарга улам-улам сокку уруп келет.

Согуштун башка багыттарында кармаш уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымдашынча, соңку суткада алардын күчтөрү орус армиясы менен 40 жолу бетме-бет кармаш өткөрүштү. Орус тараптын соккуларынан соңку суткада Донецкиде бир, Херсондо бир, Сумыда эки жайкын тургун мерт болду.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) июндагы баяндамасында Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 10 миңдей жайкын тургун каза таап, 15 миңден ашуун киши ар кандай деңгээлде жараат алганы маалымдалган. Мекеме согуштан өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын саны алда канча көп болушу ыктымал экенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG