Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Аба ырайы: тоолордо өткүн өтөт


Папан суу сактагычы.
Папан суу сактагычы.

11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG