Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды


Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 14-августта билдирди.

Каттоо 16-августта саат 16:00дө аяктайт. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.

Министрлик билдиргендей, кабыл алуунун 17-июлдан бери жүргүзүлгөн төрт турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент жогорку окуу жайларга кабыл алынды.

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин аяктаган 60 миң окуучудан 50 миңи ЖРТга катышып, 30 миң улан-кыз босого баллдан өттү. ЖРТга катышкандардын ичинен 54 окуучу “Алтын сертификат” алган.

Эң көп упайды (236) Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышкан.

XS
SM
MD
LG