Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:12

Ромны шаарына жасалган чабуулда мектептин төрт кызматкери каза болду


Ромны шаарындагы талкаланган мектепте соккудан кийинки куткаруу иштери.
Ромны шаарындагы талкаланган мектепте соккудан кийинки куткаруу иштери.

Украинанын Ромны шаарына орус армиясы жасаган чабуулда төрт киши каза болду. Алар соккуда талкаланган мектептин директору, аны орунбасары, катчысы жана китепканачы экенин ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

23-августта Сумы облусунун Ромны шаарындагы мектепке орус күчтөрүнүн учкучуз учагы тийген. Андан көчөдөн өтүп бараткан төрт жайкын тургун да жабыркаган.

Киев орусиялык армия өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түштүк аймактарына тынымсыз сокку ура баштаганын кабарлады. Москва комментарий берген жок.

23-августка караган түнү учкучсуз учактардын чабуулунан Одессадагы дан сакталган кампалар талкаланган.

Ушул күнү Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 23-августка караган түнү Москвага үч учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын маалымдады. Министрлик дрондорду абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын белгиледи.

Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG