Абанын булганышы Түштүк Азияда адамдардын өмүр сүрүүсүн бери дегенде беш жылга кыскартышы ыктымал.
29-августта жарыяланган жаңы изилдөөнүн авторлору абасы өтө кир аймактар деп Бангладеш, Индия, Непал жана Пакистанды белгилеген.
Чикаго университетинин Энергия саясаты институтунун маалыматына ылайык, абанын сапатынын начарлашына өнөр жайдын тез өнүгүп жатышы, калктын санынын көбөйүшү салым кошууда. Окумуштуулар Түштүк Азияда абанын булгануусу 2000-жылдын башына салыштырганда 50% жогорулаган деген бүтүмгө келишти. Бул – элдин саламаттыгына эң чоң коркунуч жараткан факторлордун бирине айлынды.
Алсак, Бангладеште орто эсеп менен алганда адамдын өмүр сүрүүсү 6,8 жылга кыскарышы ыктымал. Салыштыра кетсек, АКШда бул көрсөткүч 3,6 айды түзөт.
Индиянын борбору Дели абасынын сапаты жагынан дүйнөдөгү эң көп жабыркаган мегаполисттердин бири. Ал жакта орточо жашоо 10 жылдан ашык кыскарышы мүмкүн.
Изилдөөчүлөр жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай тенденцияны токтотуу үчүн өпкөгө зыян келтирген PM 2.5 деп аталган абадагы бөлүкчөлөрдүн глобалдык деңгээлин азайтуу зарыл экенин белгилешет.