31-августта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 20…22 градус жогору болот.