Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-22-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

20-сентябрда күндүз, 21-22-23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуу болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда суунун дэңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

20-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18 градус болот.

XS
SM
MD
LG