Израилде жашап жаткан кыргыз жарандарынын такталган тизмеси 90 адамга жеткенин, алардын 20сы бул өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү ниетин билдиргенин Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) билдирди.
Мекеменин 11-октябрдын кечиндеги маалыматына караганда, учурда аларды алып чыгуу маселеси каралып жатат.
Бир күн мурда Израилдеги кыргызстандыктардын каттоого алынгандары 65, алардын үчөө кетүүнү пландап жаткандар экени маалымдалган.
Элчилик бул өлкөдөгү кыргыз жарандары менен такай байланышта иштеп жатканын, телефон чалып, тактоо иштери жүргүзүлүп келатканын кошумчалады.
Соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнү белгилүү болду.
Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды.
ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болгон. 7-октябрда ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик өнөктүк баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялаган.
Соңку маалымат боюнча, израилдик 1200, палестиналык 1150 жаран каза болду.(RK)