Соңку эки жылда АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын арасында Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунда турат. Мындай статистиканы АКШнын Чек ара кызматынын документтерине таянуу менен Fоx News телеканалы 10-октябрда жарыялады.
Андагы маалыматка караганда биринчи орунда Түркиянын жарандары турат. Эки жылда 30 830 түркиялык чек арадан өтүү аракетин көргөн. Экинчи орунду Мавритания ээлеген. Ал эми Өзбекстан 13 624 миң жараны менен үчүнчү орунда турат. Тизмеде андан кийин Египет менен Пакистан жайгашкан.
Алардын канчасы АКШнын аймагына киргени же депортация болгону тууралуу маалымат жок.
Тизме чек араны кесип өтүүгө аракет кылган «өзгөчө кызыкчылыгы бар миңдеген чет өлкөлүктөрдүн» негизинде түзүлгөн.
"Өзгөчө кызыкчылыгы бар чет өлкөлүктөр" - АКШ өкмөтүнүн пикиринде террорчулукту коргоп, колдоого шарт түзүп берген мамлекеттерден келгендер жана Американын улуттук коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч келтириши мүмкүн делгендер.
Өзбекстандыктар АКШга негизинен Мексика аркылуу өтүүгө аракет кылат.
30-августта президент Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга мыйзамсыз алып кирүү менен алектенген түйүндүн ишмердүүлүгүн токтотконун билдирген.
Расмий маалыматтарага караганда, түйүндүн мүчөлөрүнүн биринин чет элдик террордук топко тиешеси болгон.
Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттер аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп. Ар кандай маалыматтарга караганда, Тихуанадагы АКШ менен Мексиканын ортосундагы өткөрмө бекеттин жанында кезек күткөн жүздөгөн кыргыздар бар. Алардын арасында Орусиянын жарандыгын алгандар да арбын.