Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Израилге барды


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 13-октябрда Тель-Авивге барды. Ал Израилдин жогорку деңгээлдеги жетекчилиги, анын ичинен Биньямин Нетаньяху менен жолугушары күтүлүүдө.

Остин - Израилге соңку эки күн ичинде барган АКШ бийлигинин экинчи расмий адамы.

12-октябрда аймакка Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барды. Израил армиясы 13-октябрга караган түнү Газа тилкесинин түндүгүндө жашагандарды 24 саат ичинде түштүккө чыгып кетүүгө чакырган.

Айрым маалыматтарга караганда, Израил армиясы жакынкы күндөрү жер үстүндөгү операциясын башташы мүмкүн.

ХАМАС радикал тобу, тескерисинче, Газанын тургундарын "Израилге туруштук берип, үйүндө калууга" чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, миллиондон ашуун киши эвакуацияланышы мүмкүн. Бул Газа тилкесиндеги калктын дээрлик жарымы дегенди билдирет.

Соңку маалыматтарга караганда, 7-октябрдын таңында ХАМАС жана "Ислам жихады" куралдуу топторунун Израилге жасаган чабуулунан кеминде 1300дөй израилдик набыт болду, жараат алгандардын саны 3400гө жетти.

Бул кол салууга жооп катары Израил жети күндөн бери Газа тилкесине абадан жапырт сокку урууда. Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткендердин саны 1500дөн ашты, 6 миңден көп киши жарадар.

XS
SM
MD
LG