Орусияда террордук акт тууралуу берененин негизинде соттолгондор быйыл былтыркыга салыштырмалуу сегиз эсе көбөйгөнүн 18-октябрда “Түшүндүрүп бере алабыз” деп аталган телеграм-каналга таянып “Азаттыктын” орус кызматы маалымдады.
Өлкөнүн Жогору сотунун соттук департаментинин статистикалык маалыматтарын изилдеп чыккан адистердин айтымында, быйылкы жылдын алгачкы алты айында мындай айып менен 39 адам эркинен ажыратылды, былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 5 адамды түзгөн.
Мындай тенденция Орусия Украинага кол салып, жарандары арасында аскерге мобилизация жарыялагандыктан аскердик комиссариаттардын имараттары өрттөлгөнүнө байланыштуу экени, алгач бул сыяктуу окуялар мүлккө зыян келтирүү жана ээнбаштык катары мүнөздөлүп келсе, кийин Башкы штаб андай кылмышты теракт деп кабыл аларын жарыялаган.
Аскердик комиссариат имаратына өрт койгондор 15 жылга чейин эркинен ажыратылууда.
"Медиазона" басылмасы маалымдагандай, мындай окуялардын жарымы “терроризм” беренесинин негизинде тергелүүдө. (RK)