Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттүк делегациялары жолугушууда


Акылбек Жапаров менен Ли Цян.
Акылбек Жапаров менен Ли Цян.

24-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапары башталды. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ли Цян баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү.

Жапаров эки мамлекеттин мамилеси быйыл “тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин” белгиледи.

Ли Цян бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилени бекемдей турганын айтты.

Өкмөттүн маалыматында жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын түркүн багыттары талкууланганы айтылат.

26-октябрда Ли Цян Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ушул эле күнү Бишкекте белгиленген Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында 30га жакын маселе каралат.

23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Бишкекке жумушчу сапары менен келген. Ал сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG