Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад жана Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Баткен облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -9…-11°, күндүз 0…-2° болот.

XS
SM
MD
LG