Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында турак жайынын курулушу бүтпөй жаткан жана бул жаатта түрдүү көйгөйгө туш болгон жарандар менен Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Эрулан Көкүлов жолугушту.
Борбор калаадагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында өткөн жолугушууга жалпы 300дөй киши келди.
Турак жайга байланыштуу маселе көтөргөн үлүшчүлөр курулуш компанияларына, турак жай кооперативдерине доомат коюп, өз милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтышты.
Жыйынга Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Талант Иманакун уулу жана бир катар мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү катышууда.
Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан кийин мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.
Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.(TAb)