29-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Абшыр-Ата эс алуучу жайында жана Кезарт жайлоосунда жүздөгөн киши калып калгандыгы аныкталганын билдирди.
"Селдин кесепетинен улам автожолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен 60 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуучу жайына барган учурда 500гө жакын жаран бар экендиги аныкталган. Мындан сырткары Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда. Кезарт жайлоосуна кошумча сегиз куткаруучу жөнөп кетти", - деп айтылат расмий маалыматта.
28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.
Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.
Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемесине суу кирди. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги автоунааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында ички чарбалык көпүрөнү сел алып кеткен.
Гулистан айыл аймагындагы Тажик-Кыштак айылында Чили-Сайга сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына суу кирип, көпүрөнүн астына суу толуп калган.
Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.