Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан жумуриятынын райондук соту Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушууну көздөгөн жаран үч жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Амударыя райондук сотунун чечимине таянып, "Газета.uz" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, өкүм 24-июнда эле чыккан.
Тергөөнүн версиясына караганда, 2023-жылдын декабрь айында 23 жаштагы өзбекстандык жаран Орусияга акча тапканы жөнөп кетет. Москвада ал ар кандай курулушта, түнкү клубда бармен болуп иштейт.
Эки айдан кийин Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзөт. Ага ылайык, Украинага каршы согуштук аракеттерге катышканы үчүн 195 миң рубль бир жолку төлөм, кийин ай сайын 240 миң рублдан алып турмак болот.
Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын 24 жараны менен бирге ал Москва облусундагы "Авангард" аскердик лагеринде даярдыктан өтүп, "катардагы жоокер" наамын алат. Анткен менен ал башкалардан согуш майданындагы реалдуулук тууралуу уккандан кийин фронтко баруудан баш тартат. Атасы ооруп жатканын шылтоолоп, өз өлкөсүнүн дипломаттарынын кеңеши менен мекенине учуп кетет.
Ал мурда соттолбогонун жана жашы жете элек баласы бардыгын эске алып, судья үч жылга шартуу кесүү чечимин чыгарды.
Быйыл майда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка аралашканы үчүн Шавкат Йулдашев Өзбекстанда 2,5 жыл мажбурланган ишке салынган.