Кыргызгидрометеорология кызматы билдиргендей, 23-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 30...35,
Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 32...37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16°.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 21…23, күндүз 33…35°.