Ооганстандын мурдагы транспорт министри коррупцияга байланыштуу камакка алынды. Инаятулла Касыми 2004-2006-жылдары министр кезинде мамлекеттик “Ариана” аба жолдор компаниясына төрт учакты сатып алууда өкмөттүк каражатты натуура сарптаган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, өкмөт жүргүнчүлөрдү тартчу төрт аэробус үчүн 9 миллион доллар ашыкча төлөгөн.