Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Бир катар түрмөлөрдө ачкачылык токтотулду


Ушул тапта 5 түрмө, 3 тергөө абагында ачкачылык акциясы токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза өтөө кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкынбаев билдирди. Анын айтымында, түрмөлөрдө жазасын өтөп аткандар мыйзамсыз талаптарды коюп, алар аткарылбаса акцияны токтотпосун айтып келатышкан. Талаптардын ичинде, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаев менен сүйлөшүүгө баруу талабы болгон. Мындай талап чектен чыккандык экенин айткан К.Качкынбаев, бир катар түрмөлөрдө Жаза өтөө кызматынын атайын түзүмдөрү түшүндүрүү, теске салуу иштерин жүргүзүп, натыйжада түрмөлөрдүн жарымында акция токтотулганын билдирди. Учурда дагы 3 тергөө абагында, 6 түрмөдө акция уланууда.

“Бүгүн кечке чейин калган түрмөлөрдө да ачкачылык акциясын токтотуу чараларын көрөбүз”,- дейт К.Качкынбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG