Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Соодагерлер Жогорку Кеңеште талаптарын айтышты


Жогорку Кеңештин жыйынында Ош базарында жайгашкан “Кыял” соода борборунун кесиптик бирликтеринин өкүлдөрү сөз сүйлөп, өз талаптарын билдиришүүдө. Алар соода борборунда иштеген сатуучулардын көпчүлүгү ири өлчөмдөгү насыя алып иш жүргүзгөндүктөн базардан чыгып калышса, кредиттерин төлөй албай калышарын айтышты. Мындан улам сатуучуларды азыркы соода борбордон чыгарбоону өтүнүштү.

Ош базарынын айланасындагы маселени иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев базардагы жол четинде орнотулган күркөлөр мыйзамдын чегинде эле алынып жатканын айтты. Бирок жолго тиешеси жок “Беш-Сары”, “Кыял” өңдүү борборлордогу сатуучулардын чыгарылбашы керектигин белгиледи.

Кечээ Ош базарындагы “Кыял” соода жайынын тегерегинде соода кылган кеминде 500гө жакын сатуучу күркөлөрүнүн алынышына нааразы болуп, Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Бишкек шаардык мэриясы Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөр шаардын планына туура келбегендиктен жана мыйзамсыз орнотулгандыктан алынып жатканын айтып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG