Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кыргыз-кытай чек арасы 3-5-апрель күндөрү жабык болот. Бул күндөрү Кытайда өлгөндөрдү эскерүү күнү белгиленмекчи. Натыйжада чек арадагы “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери 6-апрелден тарта иштей баштайт. (KKs)