Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Бир апта ичинде дизелдик отун тартыштыгы чечилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Газпром нефть Азия” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган компания Орусия күйүүчү майларга бажы төлөмүн кайра киргизгенден кийин Кыргызстанга алынып келчү күйүүчү майлардын, анын ичинде дизелдик отундун көлөмүн азайткан. Натыйжада Орусиядан келе турган күйүүчү майлардын акыркы бөлүгү март айынын орто жарымына чейин эле жетип, тартыштык келип чыккан. Орус өкмөтү бажы төлөмүсүз күйүүчү май берүү уланаарын билдиргендей кийин эми күйүүчү майлар толук көлөмдө келе баштайт. Майдын кийинки бөлүгү бир апта ичинде Кыргызстанга келмекчи.

18-мартта орус премьер-министри Владимир Путин кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон Москвадагы жолугушуусунда Орусия Кыргызстанга бажы төлөмүсүз күйүүчү май берүүнү улантаарын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG