Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:30

Түркияда 50дөн ашуун журналист камакта


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму учурда Түркияда абакта отурган 57 журналисттин укуктары бузулуп жаткандыгына камтамасын билдирди. ЕККУнун медиа өкүлү Дуня Миятович тараткан билдирүүдө - Түркияда "сот жообуна тартылып, абакка кесиле турган журналисттер жети жүздөн бир миңге чейинки" санды түзөт.

ЕККУ өкүлүнүн билдирүүсүндө Түркиянын маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамы жаңыланышы керектиги да айтылат.

Түркияда өткөн айда бир нече журналистке "исламчыл өкмөткө каршы уюштурулган иштерге тиешеси бар" деп кылмыш иштери ачылган. Журналисттер болсо ал иш-чараларга маалымат алуу үчүн катышкандыгын билдиришкен.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG