Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:47

Каракол шаарында 7-апрелде каза болгондор эскерилди


“Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысы Эрмек Букабаев билдиргендей, Каракол шаарынын борбордук аянтында 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Чогулгандарга дубандын өнөрпоздору театралдаштырылган оюн көрсөтүштү. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Нурдин Абдылдаев өз сөзүндө, өкмөт үйүнүн алдында каза тапкан 87 адамдын арасында 11 ысыккөлдүк болгонун, алардын жакындарына облустук бийлик ыңкылаптын бир жылдыгына карата 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин жардам көрсөтөрүн билдирди. 7-апрель күнү ыңкылап күнү каза тапкан 11 ысыккөлдүктүн ата-энелери, туугандары Бишкектеги иш-чараларга катышмакчы. (IJz)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG