- Ооганстандагы шайлоо азыр дүйнө коомчулугунун назарында турган кези, кандай деп ойлойсуз, ушул шайлоо өлкөнү тынчытууга, алга жылдырууга, Борбор Азиядагы коопсуздукту сактоого дегеле кандай салым кошо алат?
- Биринчиден, кайсы өлкөдө болбосун шайлоонун маңызы бул легитимдүү өлкө башчысын тандап алуу. Легитимдүү лидер бул өлкөнүн жарандарынын баардыгы болсо дагы көпчүлүгү кабыл алган киши болуш керек. Албетте, Ооганстанда акыбал өтө оор жана аны демократиялык өлкөлөргө салыштырууга болбойт.
Бул шайлоодон, мен айтаар элем, өлкөдөгү, региондогу кырдаалды стабилдешет деген үмүттү чоң салышыбыз керек. Бул өлкө өзү өтө көп бөлүктөргө бөлүнгөн, бир гана Карзай жана талибдер эмес, алардын ичинде коомчулугу бөлүнүп жатат. Эң негизги биздин тилегибиз шайлоодон кийин акыбал начарлап кетпесин деп отурушубуз керек.
- Бул жолку шайлоого 30дан ашык талапкерлердин катарында кайрадан талапкердигин коюп жатат Хамид Карзай. Ушул Хамид Карзайдын мүмкүнчүлүгү канчалык?
- Чынында бул шайлоодо кандидаттар өтө көп экен, азыр 30дан ашык. Хамид Карзай азыр ичинде популярдуулугу боюнча эң биринчи жана анын шарттары бар. Бирок башка өлкөлөргө салыштырганда ал биринчи турдан өтөбү, же өтпөйбү бул чоң суроо болуп калып жатат. Ал биринчи турдан жеңе албаса өлкөсү татаал акыбалга туш келет. Кандидаттардын көпчүлүгү Карзайга каршы биригүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде ошондой акыбалга барса, анда конфронтацияга шанстар көбөйүп кетиши мүмкүн.
- Сиз эки турдагы шайлоо болот деп ойлойсузбу?
- Ошондой болушу ыктымал. Бул жерде Карзайдын популярдуулугу 70-80 пайыз деген божомолдор аз. Көбүнчөсүн 50дөн бир аз көп, же бир аз деп берип жатышат.
- Азыр эми шайлоо тынч өтүп жатат деп атышат. Мындан аркы шайлоонун жүрүшү коопсуз өтөөрүнө ишенесизби, сиздин божомолуңуз кандай?
- Азыркы саатка чейин 10-20дан ашык жерлерде майда, кээ бир жерде атышуулар, кээ бир жерде жардыруулар болуп жатат экен. Чоң масштабдагы конфликт болбойт. Кандай болсо дагы өтө чоң күчтөр аралашып жатат, эл аралык күчтөр, Ооганстандын өзүнүн күчтөрү. Бирок шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин кандай акыбал болот, ал да бизди тынчсыздандырыш керек.
Коңшу Иранда болгон окуяларды көрүп жататбыз, шайлоонун жыйынтыктары кабыл албаган кандидаттар кандай кадамга барышы мүмкүн. Ооганстанда, албетте, абал башка. Бул жерде эл ичинде курал көп, бири-бири менен согушкан топтор көп. Ошон үчүн шайлоодон кийинки жыйынтыктар айтылгандан кийинки акыбал да биз үчүн маанилүү.
- Маегиңизге чоң рахмат.