Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Шайлоо-2009: Ыраазылар жана нааразылар


Президенттик шайлоого жети күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясы ага карата даярдыктар соңуна чыкканын, шайлоонун ачык жана акыйкат өтүшүнө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди. Жарандык коомдун жана оппозициянын өкүлдөрү шайлоо акыйкат өтөрүнөн күмөн санашууда.

Ушул тапта өлкө боюнча түзүлгөн бардык шайлоо учаскаларына шайлоо бюллетендери жеткирилип, аларды милиция жана коопсуздук кызматтары кайтарууга алышууда. Ал бюллетендер шайлоого 1-2 күн калганда гана учаскалык комиссияларга берилмекчи. Жалпы 2 873 181 даана бюллетень чыгарылган болсо, алардын 646 002 даанасы орус тилинде.

БШКнын маалыматына караганда, өлкөдөгү шайлоочулардын саны 2 718 818 адамга жетти. Андан тышкары чет мамлекеттерде убактылуу жашап жүрүшкөн 140 миң чамалуу шайлоочулар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский бүгүн шайлоо алдындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдиргендей, ушул тапта бардык тиешелүү органдар президенттик шайлоону өткөрүүгө даяр болушту жана анын акыйкат жана ачык өтүшүнө бардык шарттар түзүлдү.

“Азаттыктын”, “Президенттикке талапкерлердин бири Курманбек Бакиев өлкөдөгү эң жогорку кызматта турат, бул жагдайды эске алганда 23-июльда өтө турган шайлоонун акыйкат өтүшүнө кандай кепилдиктер бар?” деген суроосуна Дамир Лисовский мындайча жооп кайтарды:

Дамир Лисовкий



- Кепилдик бирөө эле. Башынан айта турган болсом, шайлоо бюллетендери азыр мөөр басылып бекитилген, шайлоо учаскаларында турат. Аларды коопсуздук кызматтары кайтарууга алышууда, ал жакка шайлоого чейин эч ким жолой албай. Андан тышкары көптөгөн эл аралык байкоочулар болот. Ошол шайлоо күнү жергиликтүү уюмдардан, ар бир талапкерлерден да байкоочулар турушат. Андан башка кандай кепилдик берели...

Буга чейин оппозициянын жана бир катар жарандык коомчулуктун өкүлдөрү билдирүү жасап, президенттикке талапкер жана учурдагы президент Курманбек Бакиев шайлоо алдында кызматын тапшырып туруусу керектигин, бул – шайлоонун акыйкат өтүшүнө бирден-бир кепил боло алчу жол экендигин, антпесе шайлоодо административдик ресурстар колдонулары ачык болуп турганын бир канча ирээт айтышкан.

Жаңы шайлоо кодексине ылайык, шайлоого катышып жаткан жетектөөчү кызматтардагы адамдар шайлоого чейин өз кызматтарын токтотуп турууга тийиш болсо, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки мөөнөткө шайланыш үчүн ээлеген кызматтарын бошотпогонго укуктуу. Шайлоо кодексинин V бөлүмүндөгү талапкерлердин статусу тууралуу айтылган 28-беренесинде так ушундай деп айтылат.

Шайлоо кодексине мындай өзгөртүүлөр 2007-жылдагы жалпы элдик референдумда киргизилген. Анда жалпы элдик референдумга өлкөнүн баш мыйзамы менен кошо шайлоо жөнүндөгү кодекс да коюлган болчу.

Оппозиция өкүлдөрү ошондон бери эле андагы өзгөрүүлөргө нааразычылыктарын айтышып, ушул сыяктуу иштерди президент өзү шашылыш түзө койгон “Ак жол” партиясынын колу менен жасап атканын, баш мыйзамдагы жана шайлоо кодексиндеги өзгөрүүлөр бир гана учурдагы президенттин жеке кызыкчылыгын көздөөрүн билдирип келатышат.

“Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов бул тууралуу мындай дейт:

- Мыйзамдын баарын эле президенттин “Ак жол” партиясы менен президент өзү каалагандай жасап, бүт бийликтердин баардыгын өздөрүнө чегерип алышпадыбы. Мурдагыларын айтпаганда Бакиев мыйзамды мобу шайлоо алдында эле көп жолу бузуп жиберди. Эгерде акыйкат сот болгондо мунун талапкерлигин эчак эле алып таштамак. Президенттикке ат салышып аткандан кийин жок жегенде эки айга кызматынан четтесе деле болмок. Андай да болгон жок. Өзү бийликте отуруп алып өзүн талапкер катары көргөздүрүп, гезиттерге өзүн гана жаздырып, теледен өзүн гана сүйлөтүп атпайбы.

Учурда БШК 436 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрүп, күбөлүктөрүн тапшырды. Эл аралык байкоочуларды каттоо 17-июлга чейин уланмакчы. Андан тышкары талапкерлердин, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдарынын байкоочулары бар. Шайлоо күнү добуш берүүлөр тууралуу алдын-ала маалыматтар эртең мененки саат 10.00, андан кийин 13.00, 16.00, 19.00 жана 22.00дө жарыяланып турмакчы.

XS
SM
MD
LG