Али Айази шейиттердин ыйык шаары Кумдагы диний аалымдар менен ишмерлер шайлоону туура жана таза өткөн жок деп эсептеп, көз карандысыз комиссия түзүп, баарын кайра териштирип чыгууну талап кылып жатышканын ырастады. "Исфахандагы көрүнүктүү динаятчылардын бири аятолла Тахери да ушундай оюн айтты. Менимче, динаятчылардын элдин укугун коргоп жатышканы толук табигый иш".
"Биринчи күндөн тартып эле шайлоонун жыйынтыктарын жогорку лидер өзү колдоп,аны кыйкымсыз өттү деп баалап салган соң Сакчылар кеңеши бул чечимди тастыктап береринде күмөн жок эле", - дейт Айази.
Айази быйылкы шайлоо өлкөдөгү диний элитаны экиге бөлүп, кризис тереңдеп кеткенин да бышыктады.
"Эгер азыр карап көрсөңөр, мамлекет менен байланышы бар динаятчылардын чакан бир тобун эске албаганда көпчүлүгү шайлоонун жыйынтыктарын колдогон пикирлерин айткан жок. Аятолла Сафи, Макарем,Ширази,Занжани,Монтазери жана башка абройлуу диний ишмерлер болсо колдомок турсун ага тике же кыйыр түрдө каршылыгын айтышты",-дейт Айази.
Мындан тышкары өлкөдө таасирдүү көз карандысыз динаятчылар жамааты бар. Алар да шайлоону сынга алышты.
Айазинин айтымында, көз карандысыз динаятчылар эки маселе боюнча өкмөт менен келише албай жүрөт. Бир же бир жарым жылдан бери алар Ахмадинежаддын өкмөт мүчөлөрү менен бир ирет да жолугушкан жок. Өкмөт да бул мезгил аралыгында алар менен биргелешип иштөөгө ниетин көрсөткөн жок.
Экинчи маселе 12-июндагы шайлоого байланыштуу. Көз карандысыз динаятчылардын айрымдары өкмөттү өтө катуу сындашты, айрымдары кат жазышты, башкалары жабык жыйындарда бийликтегилерди: "Элдин пикирине эмнеге мынчалык жаалданып мамиле жасайсыңар? Өз элиңерге эмне курал колдоносуңар?"-деп жарга такашты. Буга өкмөт тараптагылардын айрымдары башын жерге салып жооп беришти.
"Мындан аркы жагдай кандай болорун күн мурунтан болжолдоп айтыш кыйын, - дейт Айази. – Тигил же бул маселеде сезондуу позицияны карманыш динаятчылыкка түк сыйышпаган жосун. Бирок жалпысынан алганда шайлоону утуп алдык деп эсептеген өкмөттөгүлөр менен көз боёмочулукка ишенбей,көчөлөргө чыккандар ортосунда чоң жарака кетип калды".