Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Экс-президент аятоллага ачык кат жазды


Иран -- Экс-президент Акбар Хошеми Рафсанжани - өлкөдөгү эң бай адамдардын бири - президентке даттанып,аятолла Али Хаманеиге ачык кат менен кайрылды.
Иран -- Экс-президент Акбар Хошеми Рафсанжани - өлкөдөгү эң бай адамдардын бири - президентке даттанып,аятолла Али Хаманеиге ачык кат менен кайрылды.

Ирандагы таасирдүү саясатчылардын бири, экс-президент Али Акбар Хошеми Рафсанжани өлкөнүн жогорку лидери Али Хаманеиге ачык кат менен кайрылып, президент Махмуд Ахмединежаддын "одонолугуна жана калпычылыгына" даттанды.

Реформаторлор блогунун негизги талапкери Мир Хоссейн Мусави менен 4-июнда телеканалда түз ободо айтышып жатып, президент Ахмединежад өзүнүн башкы атаандашын өңчөй "колкосунан коррупцияга баткан" таасирдүү саясатчылар колдоп жатканын көрсөтүп, алардын ичинде Рафсанжанинин да быкыйын чукуп өткөн эле.

Атап айтканда, Ахмединежад: "Анын балдары өлкөдө эмне кылып жатканын билесизби?! Мендеги министрлердин бири ошолор бийликте турганда миллиардер болду. Менин колумда алардан опуздалып алынган 40,50,400 гектардай жерлердин тизмеси бар. Азыр сизге арка болуп жаткан башка байбачалардын балдары да мындай мыйзамсыз иштерден кур эмес. Натек Нуринин (парламенттин мурдагы төрагасы) балдары кантип миллиардер болуп кетти? Натек өзү кандай шартта жашайт? Ошолордун баары сиздин тарапкерлер!"- деген болчу.

Эксперттер Ахмединежад бу сөздөрү менен иш жүзүндө өлкөдө тыюу салынган эрежени бузуп алды – азирети делинген диний төбөлдөрдө эч кандай деле "ыйык жана касиеттүү" сапаттар жок экенин көзгө чукугандай кылып элге көрсөтүп салды дешет.

"Ахмединежаддын жоопкерчиликсиз жана карандай калп сөздөрү Ислам революциясынын алгачкы жылдарындагы ыймансыздар менен контрреволюционерлердин жолоюн эске салат",-деп көрсөтөт өз катында Рафсанжани.Президенттин сөздөрүн ал ошондой эле исламга, шариатка да сыйышпай турган жорук катары баалайт.

Саясий илимдердин профессору Садех Зибакалам да экс-президент баарыдан мурда башкаруучу системанын түпнегизи копшолуп кетеринен кооптонгондон улам ачык кат менен кайрылып, "бийлик өз тамырына өзү балта чаап жатканын Хаманеиге эскертти" деп эсептейт.

Рафсанжани Ирандагы эң бай адам эсептелет жана бир ирет атүгүл АКШда чыгуучу Forbes журналынын тизмесине да илинген. Анын уулу Мехди мындан жети жылдай илгери мунай кендерин иштеткенге уруксат алып бергени үчүн франциялык Total компаниясынан ири суммада "желке пул" алган имиш деген айың сөздөргө калган.

Экс-президент чуулган телетаймаштан эки күн өтпөй Ахмединежадга жолугуп, айткан сөздөрүн кайта алганга кеңеш берген экен. Ирандын башкы телерадио башкармалыгына да кайрылып, президентке жооп кайтаруу үчүн убакыт берүүнү суранган.Бирок анын эки талабы тең аткарылган эмес.

Рафсанжани ачык катында: "Улуу рахбар азирети, Жогорку кызматыңызды жана жоопкерчилигиңизди эске алып, ушу маселени чечип берүүнү жана өзүңүз кандайын туура тапсаңыз, ошондой чара көрүүнү өтүнөм",-деп айтылат.

Мындан тышкары алдыдагы шайлоо "бакубат жана такыба тарыйкада өткөрүлүшү керектигин" эске салып, ошондо гана Иранды "коркунучтан" коргоп калганга болорун баса көрсөтөт.

Ушундан улам Париждеги саясий эксперттер тобунун өкүлү Хусейн Бастани башка жүйөөлөр менен бирге Рафсанжанинин катынан шайлоонун адилет болорунан күмөн санаган санаркоону да көрдү.

Хаманеи ачык катка кандай жооп берери күмөн. Бирок ал кыйын абалда калгандай болду. Кокус Рафсанжани койгон талаптарды колдосо, анда бул Ахмединежадга чыгарылган өкүмгө тете болот. А эгер унчукпай койсо, муну коомчулук Ахмединежаддын айыптарын жогорку адыйдын ырастаганы катары кабыл алат.

Экс-президенттин ачык катынан соң Кум шаарынан 50дөй имам 4-июнда теледеги саясий кайым айтышта азыркы президент өтө эле аша чаап, жалпы Ирандын "кадыр-баркына шек келтиргенине катуу камтамачылыгын" айтышты.

XS
SM
MD
LG