Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

К.Бакиев: Ош Борбор Азиядагы Меккеге айланат


Кар калың жаагандыктан, Оштун тең жарымы үч күндөн бери электр жарыксыз калды. Ушундай шартта борбордук аянтка болжолдонгон Нооруз салтанаты Ош облустук акимчилигинин жыйындар залына которулду.

Имаратты тегерете күч органдары тосуп, текшерүү катуу болгондуктан, чакырылгандардын көпчүлүгү майрамдык иш-чарага катышкан жок. Президент Курманбек Бакиев шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, Ошту зыяратчылардын Борбор Азиядагы Меккесине айлантаарын убада кылды.


Шаар тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктаган Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов узаган жыл ири ийгиликтер менен коштолгондугун баса белгиледи:

- Өткөн жыл кыргызстандыктар, анын ичинде оштуктар үчүн жемиштүү болгондугун баса белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын президенти, улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин демилгеси жана жалпы элдин колдоосу менен жаңылануу саясатын камтыган реформалар турмушка ырааттуу түрдө ашырыла баштады.

Мелисбек Мырзакматовдон кийин кепти улаган президент Курманбек Бакиев Бириккен Улуттар уюму 21-мартты эл аралык Нооруз күнү деп жарыялагандыгын билдирип, муну мааниси терең майрамды глобалдык деңгээлде тааныгындыктын белгиси сыңары сыпаттады.

- Кутман калайык-калкым! Ноорузду элим менен бирге белгилеп жатып, бөөдө кырсыктан жана жаманчылыктан алыс бололу демекчимин. “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт, элибизге таандык кең пейилдикти жана айкөлдүктү сактоого, бири-бирибизге урмат-ызаат көрсөтүүгө чакырамын. “Кылымдан калган бир сабак, ырыс алды – ынтымак” деген ата-бабаларыбыздан калган эки сап накыл кепке не деген мухиттей ойлор батпаган! Баарыбыз сабыр туталы, улуттук биримдик, өлкө келечеги деген жалпы максатка, жаратман ишке бел байлайлы. Башыбыз аман, журтубуз бүтүн болсун! Бар бололу, Нооруз мааракебиз кут болсун!

Өлкө башчысы Кыргызстандын түштүк аймагын 2010-2025-жылдарда өнүктүрүү концепциясынын негизинде Ош шаары жакын арада таанылгыс болуп өзгөрөөрүн билдирди:


- Концепцияга ылайык Ош шаары Кыргызстандын түштүгүндө мамлекеттүүлүктүн түркүгү, Фергана өрөөнүндө ишкер, тарыхый жана маданий, экономикалык жана илимий борбор болууга тийиш. Биз бул долбоорго улуттук деген даража ыйгарып, ошого жараша каржылык жана инвестициялык ресурстарды караштырмакчыбыз. Андан тышкары биз Ошту региондун чордонуна айландырууну көздөп жатабыз. Мисалы, Сулайман Тоону Борбор Азияда зыяратчылардын Меккеси кылууга толук шартыбыз бар.

Курманбек Бакиев өз сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолунун орчундуу түйүнү да Ош аркылуу өтөөрү ыктымалдыгын кошумчалады. Ошондой эле Оштон башталган жаңылануу саамалагы бара-бара өлкөнүн башка аймактарына сөзсүз жайылтылаарына ишендирди.

Нооруз майрамына арналган салтанат театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду.

Ошентсе да жергиликтүү тургундар президент Курманбек Бакиев тар чөйрөдөгү Нооруз салтанатына гана катышып, калктын калың катмарынын ал-абалын сураштырбагандыгы үчүн нааразы экендиктерин жашырышкан жок.

“Ата мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:


- Президент Ошко атайын сапар алгандан кийин эл менен кездешип, алардын сын-пикирлерин, муң-зарын укса жарашмак. Тилекке каршы, атайын кызмат, милиция, дегеле күч органдары обладминистрацияны жана борбордук аянтты тосуп, ал жакка карапайым калк кире албай, натыйжада Курманбек Бакиев аны жерге-сууга тийгизбей мактаган чоңдорго гана жолугуп кайтты. Ош шаарын жана жалпы түштүк аймагын өнүктүрүү концепциясы негизинен туура, бирок аны жүзөгө ашыруу чаралары, кайсыл обьекти качан бүткөрүлөөрү бүдөмүк болуп жатпайбы.

Бишкектеги Нооруз салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

XS
SM
MD
LG