Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Курманбек Бакиев табында, шайлоонун камында


Президент Курманбек Бакиев өзүнүн ден-соолугу жайында экенин, президенттик шайлоого катышууга тоскоол боло турган эч кандай себеп жок экенин билдирип, анын оору экендиги жөнүндө оппозициянын билдирүүлөрүн четке какты.

Президент Курманбек Бакиев өзүнүн табында экенин жалпы журтка көрсөтүү максатында 3-апрелде Токмок шаарынын чет жакасында болгон ишембиликке катышып, билек түрүнүп, көчөт отургузду.

Ишембилик учурунда ал жерге барган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө мамлекет башчысы өзүнүн ден-соолугу жайында экенин баса белгилеп айтып, анын оору экендиги жөнүндө оппозиция таркатып жаткан сөздөрдү ушак-айың катары четке какты.

Президенттин айтымында, былтыр бутунун муундарын Германияга барып дарылатып келген, ошондон бери ден-соолугунда эч кандай орчундуу деле маселе жок.
Мен ачык эле айтып коeюн, мен Кудайга миң мертебе ыраазымын мага ушундай жакшы ден-соолук бергени үчүн. ...





"Менин ден-соолугум абдан жакшы. Мен ачык эле айтып коeюн, мен Кудайга миң мертебе ыраазымын мага ушундай жакшы ден-соолук бергени үчүн. Күнүгө эртең менен бир саат, 6 жарымдан 7 жарымга чейин спорттук көнүгүү жасайм. Бир гана күнү жасабайм базар күнү. Жөн гана басып жүрбөй, тердегенге чейин, демек ден-соолук жакшы болгон үчүн жасайсыңбы ошону. Оорулуу адамга окшоп турамбы мен? Мен кээ бир биздеги саясатчыларга айткым келет, өтө эле президенттин ден-соолугуна көңүл бурушуп, “ооруп калыптыр” дешет. Президент деле тирүү адамда. Сиз деле жөтөлөсүзбү анча-мынча шамалдап калганда? Бир-эки жөтөлүп, чүчкүрүп койсо ооруп калыптыр деген, тобо кылдым, билбейм эми"... ,-деп айтты Курманбек Бакиев.

Президент ооруп жатканын, анын ден-соолугунда шайлоого катышууга олуттуу тоскоолдуктар бар экени жөнүндө кеп-сөздөр оппозициянын лидерлеринен тараган.

“Ата Мекен”партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 19-мартта “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө Бакиевге шайлоого катышууга ден-соолугу жана башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт деп билдирген:

"Бакиев өз мураскерин өткөрүп койгонго аракет кылат. Анын сергек “шайлоого катышам” деп жатышы - бул коштошуп жаткан бийликтин ыкмасы. Анткени эртең кете турган начальникти эч ким укпай калат. Бакиевдин өзүнүн талапкерлигин шайлоого коюуга ден соолугу же башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт. Азыр анын мураскерлеринин ортосунда бир жарым жылдан бери катуу күрөш жүрүп жатат."

Президенттин ден-соолугунда шайлоого катышууга олуттуу тоскоол болгон оорулары бар экени жөнүндө маселени Социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева да көтөргөн. 19-мартта парламент жыйынында Роза Отунбаева спикер Айтибай Тагаевге кайрылып, К. Бакиевдин ден-соолугуна байланыштуу чыгып аткан сөздөрдүн чын-бышыгын тактоо зарыл экенин билдирген. Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев К. Бакиевдин саламаттыгы жакшы деп жооп кайтарып, бул жөнүндө атайын билдирүү жасашка зарылчылык жок экенин айткан. Эми акыры өзүнүн ден-соолугу жөнүндө күчөп кеткен сөздөрдү президент өз оозу менен төгүндөшкө туура келди.

Бийликчил “Ак Жол” партиясы 11-апрелде курултай өткөзүп, Курманбек Бакиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн жатат. Бул жөнүндө соңку маалыматты “Азаттыкка” парламенттеги акжолчу депутат Ибрагим Жунусов билдирген:

“Ак жол” партиясынын курултайы 11-апрелде болот. Биз башка партияларга окшоп эки талапкер көрсөтпөйбүз. Кээ бир партиялар эки талапкер чыгарабыз деп жатышпайбы. Бизде андай нерсе болбойт. Биз бир талапкерге токтолобуз. Ал биздин партиябыздын төрагасы Курманбек Салиевич Бакиев болот."

Курманбек Бакиев президенттик экинчи мөөнөт үчүн ат салышарын ырастап, буга чейин эки-үч жолу билдирүү жасаган. Саясий чөйрөдө К. Бакиевдин бийликтин күчүнө салып, шайлоодо жеңип чыгарынан эч шек санашпайт. Оппозиция өз кезегинде президент катышкан шайлоо таза өтпөсүнө көзү жетип, бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тартып, “Бакиевсиз шайлоо” деген ураан алдында 20-апрелден тарта мөөнөтсүз каршылык акцияларын баштоого кам көрүүдө.

XS
SM
MD
LG