“Сулуулук дүйнөнү сактап калат” деген учкул сөз айымдардын жаралышы менен пайда болсо керек. Чырайлуу болуп, өң-келбети менен айланасын тамшандырууну ким гана каалабасын. Бул үчүн айрымдар атайын сулуулук салондоруна жана фитнесс клубдарга барса, башкалары үй шартында деле өзүнүн тулку боюна камкордук көрүп келишет.
Бишкек шаарынын тургуну, 22 жаштагы Кундуз жаз мезгилинин келиши менен бирге адамдын организми да витаминдерге муктаж болоорун белгилеп, өзү ушул күндөрү белгилүү диетолог Поль Бректин китебинин негизинде диета кармап жатканын кошумчалады.
- Поль Бректин сунушу боюнча адам бир жумада бир күн кайнак суу гана ичип, башка эч нерсе жебей карманыш керек. Бул организмди тазалоого шарт түзөт. Мисалы, мен азыр ушул диетаны кармап жатам. Бүгүн суу гана ичип отурганыма алтынчы күн болду. Негизги максатым - ашказанымды тазалоо жана организмдин витаминдерди жакшы кабыл алуусуна шарт түзүү.
Адистердин айтымында, көпчүлүк диеталар ден соолукка терс таасирин тийгизет. Башында сиз кармаган диета жардам берип, салмак ташташыңыз мүмкүн, бирок диетаны кармабай калган учурда мурдагыга салыштырмалуу дагы салмак кошушуңуз ыктымал. Андыктан, эң жакшысы, туура жана өз убагында тамактануу керек.
Диетолог Максат Кудаярованын айтымында, туура тандалып алынган диета менен адам көп ооруларды алдын-алса болот.
- Туура тамактанбаганда организм жабыр тартат. Муну алдын алуу үчүн туура тамактаныш керек. Диета ашкере семирүүдөн сактайт. Диетанын түрлөрү көп. Түрлөрүнө жараша организмге ылайыктуусун тандап алыш керек. Туура тандалган диета гана жардам берет.
Мындан сырткары тулку бойду бир калыпта алып жүрүү үчүн көпчүлүк кыздар аэробика менен да машыгышат. “Аэробика” деген сөздү алгач 60-жылдары белгилүү америкалык дарыгер Кеннет Купер сунуштаган. Булчуңдардын жакшы иштеши, жогорку деңгээлдеги активдүүлүк жана ден соолукту калыбына келтире турган көнүгүүлөр – булардын бардыгы аэробикада камтылган.
Бодибилдинг боюнча спорттун чебери, “21-кылым” спорттук жайдын машыктыруучусу Ольга Шайнурова аэробика тууралуу буларды айтты:
- Аэробика спорттун эң сонун түрү. Ал абдан кызыктуу десем болот. Себеби көпчүлүк жөн гана машыгуу үчүн эмес, ошондой эле баарлашуу үчүн да келет. Келгендер ритмикалык музыкага бийлеп, денелери ийге келип, өздөрүн эркин сезүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жумасына үч жолу аэробика менен машыкканыңыз оң. Ар бир жолу 1-1,5 сааттан. Эгерде сиз салмак таштоону кааласаңыз, анда сиз диета кармашыңыз керек. Таттуу, майлуу тамактарды аз жеп, суйуктукту көбүрөөк ичишиңиз зарыл. Аэробика менен машыккан күнү эт, балык, жумуртка жешиңиз керек. Алма да диетаңызга жардам берет. Кечки саат жетиден кийин тамак ичпегенге аракет кылуу зарыл.
Идеалдуу дене-мүчөнү алып жүрүү максатында көпчүлүк кыз-келиндер аэробика жана шейпинг менен машыгат. Муну менен алар өздөрүн сергек алып жүрүүгө умтулушат.
Учурда чыгыш бийин өздөштүрүп, араб бийине кызыгып жүргөн Айдана аттуу студент буларды айтып берди.
- Чыгыш бийлерине барам. Кечинде барганда да үйдөн бийлейм. Чыгыш бийди тандаганымдын себеби, бийлеген учурда денебиздин бардык бөлүгү кыймылга келип, ийкемдүү болууга шарт түзөт.
Деген Айдана сымал бий өнөрүн өздөштүрүп, атайын ийримдерге барууга убактысы да, каражаты да болбогондор аз эмес. Алардын бири Бурмакан мындай дейт:
- Мен буга көп деле убакыт жана акча коротпойм. Анткени менин жумушум сегизинчи кабатта жайгашкан. Күнүнө 5-6 жолу чыгып-түшүп чарчайм. Күнүмдүк жумушум болгон үчүн айла жок күнүгө барууга аргасызмын. Бул мен үчүн чоң спорт.
Сөз соңунда адистерди кеңештерин да кошумчалайын: адам чуркаганда анын дем алуу органдары, мисалы, жүрөк кан-тамырлары жакшы иштеп, кан тез жүгүрүп баштайт. Ошондой эле ар бир адам күндүз күч-кубатка толуп, жакшы кыймылдап жүрүш үчүн 8 саатан кем уктабашы керек.

Майлуу тамактарды аз жеп, суйуктукту көбүрөөк ичишиңиз зарыл. Аэробика менен машыккан күнү эт, балык, жумуртка жешиңиз керек.

Диета ашкере семирүүдөн сактайт. Диетанын түрлөрү көп.